Садыр Жапаров айрым аймактарда кошумча эс алуу күндөрүн белгилөөгө мүмкүндүк берген Жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, 2026-жылдын 15-июлунан 2027-жылдын 1-июлуна чейин Министрлер Кабинетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу өлкөнүн айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрүн белгилөө укугу берилет.
Мындай чечимдер калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик деңгээлдеги эл аралык жана ички иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларда кабыл алынат. Ошол эле учурда кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы толугу менен сакталат.
Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинети кошумча дем алыш күндөрү белгилене турган аймактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тиешелүү чечимдерди макулдашууга милдеттүү.
Мындан тышкары, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине 2027-жылдын 1-февралына чейин бул механизмдин жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүү тапшырылды. Эгерде анын натыйжалуулугу оң бааланса, министрлик 2027-жылдын 1-мартына чейин тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып, Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.
