Мирбек Мамбеталиев ГИТИСтин ректору Григорий Заславскийди кабыл алды
10 июль

Мирбек Мамбеталиев ГИТИСтин ректору Григорий Заславскийди кабыл алды

2026-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Россиянын Театр искусствосу институтунун ректору Григорий Заславскийди жана Кыргыз Республикасындагы Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен ГИТИСтин акыркы жылдардагы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, маданият мекемелери үчүн адистерди даярдоо жана кызматкерлердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

ГИТИСтеги кыргыз улуттук курсу тарыхый улантуучулукка ээ. Акыркы улуттук курс 1983-жылы бүтүрүлгөн. Ал эми 2023-жылы 40 жылдык тыныгуудан кийин кыргыз улуттук курсуна кайрадан студенттер кабыл алынып, окутуу жандандырылган. Бүгүнкү күндө аталган окуу жайда Кыргыз Республикасынан 12 студент билим алууда.

Тараптар ошондой эле ГИТИСтин бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда спектаклдерди биргелешип сахналаштыруу, Кыргыз Республикасынын аймактык театрларын бул процесске активдүү тартуу, ошондой эле Ысык-Көлдөгү «Аврора» санаторийинин базасында өткөрүлүп жаткан «ГИТИСтин Ысык-Көлдөгү эл аралык жайкы мектеби» долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын оң тажрыйбасын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп, аны мындан ары дагы кеңейтүүнүн негизги багыттарын аныкташты.