Мамлекеттик цирк 1 жумада эле 5 млн. сомдон ашуун пайда тапты
10 декабрь

Мамлекеттик цирк 1 жумада эле 5 млн. сомдон ашуун пайда тапты

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки бир жумада эле 5 млн 370 миң сом пайда тапты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Ал цикртин буга чейинки абалын эске салып, президент Садыр Жапаров абалын өзү барып көргөндөн кийин, капиталдык ремонттон өткөрүү тапшырмасын Иш башкармалыкка жүктөгөндүгүн кошумчалады.

"Жакында оңдоо жумушу аягына чыгып, өлкө башчысынын катышуусу менен ачылышы болгон. Шарты түзүлгөндөн кийин келгендердин саны дагы өсүп, ага ылайык кирешеси көбөйүп, 1 аптада эле миллиондорду таба баштады.

1-декабрдан 8-декабрга чейин цирк таза 5 миллион 370 миң сом пайда тапты. Анын ичинен, BMW компаниясы арендага алып 1 млн 360 миң төлөсө, 4 млн. 10 миң сом билетти сатуудан түшкөн.

Айдын аягына чейин 13 млн. 312 миң сом пайда түшөрү күтүлүүдө. Мурда киреше эмес, банкроттук абалда эле. Азыр билет сатуулар дагы санариптештирилип, көзөмөлгө алынган", - деди Орунбеков. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 2-ноябрында жаңыланган Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин салтанаттуу ачылышы болгон. 

Цирктин имараты 1976-жылы курулган жана бул убакка чейин оңдолгон эмес.