«Айтматов» көркөм тасмасы 29-ноябрда Чикагодогу кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт
Сүрөт ачык булактардан алынды
16 ноябрь

«Айтматов» көркөм тасмасы 29-ноябрда Чикагодогу кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт

2026-жылдын 29-ноябрынан тарта АКШнын Чикаго шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылык жолуна арналган «Айтматов» көркөм тасмасы көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын жаратуучулары Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасында билдиришти.

Уюштуруучулар АКШда жашаган кыргызстандыктарды тасманы көрүүгө чакырып, мекендештер менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатышканын белгилешти.

Биографиялык драмада жазуучунун тагдыры, жеке турмушундагы сыноолор, чыгармачылыгы жана дүйнөлүк адабияттагы эң белгилүү инсандардын биринин калыптанышына таасир эткен окуялар баяндалат.

Чикагодогу көрсөтүү эл аралык көрүүчүлөрдү Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана Кыргызстандын маданий мурасы менен тааныштырууга дагы бир мүмкүнчүлүк түзөт.