Маданият министрлигине жаңы гимндин 16 долбоору келип түшкөн
Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 11-декабрындагы № 2619-VII «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтом долбоору каралып, жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары Тимурлан Ажымалиев белгилегендей, өзгөртүүлөр менен комиссиянын иштөө мөөнөтүн 2025-жылдын 21-апрелине чейин узартуу сунушталууда.
Муну менен катар баяндамачы аталган токтомду ишке ашыруу боюнча уюштуруу-техникалык маселелерге токтолду. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун кабыл алуу боюнча техникалык жумушчу топ түзүлдү.
«Бүгүнкү күндө кайрылып келген жарандардан 16 долбоор катталып, кабыл алынды. Ал эми электрондук дарекке 234 жарандардан 401 кайрылуулар жана сунуштар келип түшүп, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө», – деди.
