Мыйзам долбоору: ЖК депутаттыгына талапкерлерден кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүү талап кылынат
24 июнь

Мыйзам долбоору: ЖК депутаттыгына талапкерлерден кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүү талап кылынат

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитети мамлекеттик тилге байланышкан маселелер каралган мыйзам долбоорун карады.

Баяндамачы президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин айтымында, мыйзам долбоорунда бир катар маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. Алар:

1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн мамлекеттик тилди билүү милдеттүү шарт болот. Ал МинКаб тарабынан белгиленген деңгээлде кыргыз тилин билүүгө тийиш. Белгилей кетсек, учурдагы мыйзам боюнча депутаттыкка талапкерден КР жарандыгы, жаш курагы (21 жашка толгон) жана билими талап кылынчу.

2. Прокурор, тергөөчү, прокуратуранын бөлүмүндө иштеген кызматкерлер мамлекеттик тилди билиши керек. Ошондой эле, бул талап аткаруу бийлигинин, анын ичинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө да тиешелүү.

3. Конституциялык соттун, Жогорку соттун соттору жана жергиликтүү соттор кыргыз тилин билээрин тастыктаган тесттен өтөт. Ансыз бул кызмат орундарына талапкер боло албайт.

4. Билим берүү системасында кыргыз тилин билүү тартиби такталат. Орто жана жогорку кесиптик окуу жайларда (орус жана башка тилдеги) кыргыз тилин окутуу МинКабдын нормативдик актылары аркылуу аныкталат.

 5. Билим берүү мекемелеринде класстан класска көчүрүү, бүтүрүү сынактарына сөзсүз түрдө кыргыз тилинен кагаз жана оозеки түрүндө сынак кошулат.

 6. Жарнама тармагына да өзгөртүү киргизилет, кыргыз тилиндеги тексттерди мындан ары тил саясаты боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашуу талап кылынбайт, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын гана макулдугу керек.

7. Калкты тейлөө жаатына жаңы талап каралган, дүкөндөрдө, мекемелерде жана уюмдарда бардык оозеки билдирүүлөрдүн, музыкалык жана видео көрсөтүүлөрдүн 60 пайызы кыргыз тилинде болушу керек.

8. Жалпы калкка маалымат тааныштыруу иретинде объектердин (көрнөк, жарыя, табличка, күн тартиби, даректин өзгөрүшү тууралуу маалымат, курулуш иштери ж.б. тууралуу эскертүү) тизмеси кеңейтилди, алар башында кыргыз тилинде гана жазып, андан кийин расмий тилде кайталашы керек.

«Бул өзгөртүүлөрдүн баары мамлекеттик тилдин статусун бекемдөө жана анын коомдук, кесиптик чөйрөдө колдонулушун кеңейтүү максатында жасалды», – деди Мураталиев.