
Искусство университетинде жаңы имарат куруу маселеси талкууланды
5-ноябрда Жогорку Кеңештин «Альянс» парламенттик фракциясынын депутаттары көчмө жыйындын алкагында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып, мекеменин жаңы корпусун курууга байланышкан маселелерди талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндө окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошев улуттун жүзү, өнөрпоздордун ордосу болгон университеттин бүгүнкү абалына токтолуп:
«Азыркы тапта бир топ орчундуу маселелер бар, анын ичинен аудиториялык фонд жетишпейт. Алсак, окуу процесси болгону 3602 чарчы метр аянтта жүргүзүлөт. Адистиктин өзгөчөлүгүн эске алганда, жекече сабактар үчүн ар бир студентке бирден мугалим, бирден аудитория керек болот. Андан тышкары, имараттын эскилиги жеткен. 1960-жылдары салынган корпус алгач Полиграф комбинатынын жумушчуларына жатакана болгон. Окуу жай үчүн бул имарат талапка жооп бербейт», – деген жетекчи концерттик жана спорттук залдар, ашкана, хореографиялык каана сыяктуу окуу жай үчүн зарыл болгон объекттер жетишпегенин кошумчалады.
Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү тиешелүү мамлекеттик органдарга Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун куруу, эмгек жамаатынын айлык акысын жогорулатуу, университетке улуттук статус берүү боюнча сунуштарын бере тургандарын билдиришти.