Бишкекте «Манас» үчилтигинин дунган тилиндеги китебинин бет ачары өттү
Бүгүн Бишкекте кыргыз элинин улуу мурасы — «Манас» эпосунун үчилтиги («Манас», «Семетей», «Сейтек») дунган тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көрүшүнө арналган бет ачар аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Аталган эмгек филология илимдеринин кандидаты Машинхаева Фатима Нурахуновна тарабынан 4–5 жыл аралыгында дунган тилине которулган.
Иш-чара Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулуп, ага мамлекеттик ишмер Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Ханджеза Карим Лемзарович, Шабазов Бахридин Валиевич, Жунушбаева Рахат Мырзабековна, ошондой эле Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Рахман Медер, «Кыргыз Республикасындагы дунгандар» коомдук бирикмесинин өкүлү Джалазов Салим Харбиевич, маданият ишмерлери жана коноктор катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы басылманын мазмуну, анын илимий жана маданий мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучулар бул эмгек элдердин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана руханий баалуулуктарды жайылтууда өзгөчө ролго ээ экенин белгилешти.
Салтанаттын алкагында конокторго маданий программа тартууланып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр аткарылды.
