Манас Саматов: Айрым аймактардын тилин “диалект” деп өгөйлөбөй, сыйлап, батырып, сиңирип алганды үйрөнүшүбүз керек!
6 февраль

Манас Саматов: Айрым аймактардын тилин “диалект” деп өгөйлөбөй, сыйлап, батырып, сиңирип алганды үйрөнүшүбүз керек!

Кыргыз тилин билүү деңгээлин кантип калыс өлчөйбүз? Кыргыз тилин өнүктүрүүнүн кандай жолдору бар? Адабий кыргыз тили деген түшүнүктүн өзөгү эмнеде? Кыргыз тилин колдонуу мейкиндигин кеңейтүүнүн келечеги барбы?

TOEFL тажрыйбасы. Тилчилердин эмес, калыс инженердин көз карашы менен ушул суроолорго жооп издөөгө аракет кылып көрөлү.

Кыргыз тили – өздөрүн кыргызмын же кыргыздын урпактарымын деп тааныган Ала-Тоо кыргыздарына, Эне-Сай кыргыздарына, Алтай кыргыздарына, Саха кыргыздарына, Хакас кыргыздарына, Башкырт кыргыздарына, Тыва кыргыздарына, Анжиян кыргыздарына, Кокон кыргыздарына, Самаркан кыргыздарына, Жыззак кыргыздарына, Кызыл-Суу, Керме-Тоо, Кашгар, Или, Лопнур, Тарбагатай, Шор, Фу-йүй кыргыздарына, Кара-Тегин, Жерге-Тал, Памир, Кыпчак, Шумер кыргыздарына таандык ар түрдүү диалекттердин сөз байлыктарын камтыган мааниде жана кең мейкиндикте өз ара баарлашуу куралы катары колдонулуп келген жалпы кыргыздардын тарыхый эне тили болуп эсептелинет.

Эне тилибизди заманга, доорго жараша эл-аралык илимий-техникалык терминдер менен, саясий, социалдык кубулуштарды, адам сапатынын жаңы ченемдерин чагылдырган жаңы сөздөр менен байытуу, өнүктүрүү динамикасын жемиштүү нукка буруп келечекти көздөй тынымсыз жүрүш жасап баруу керектигин дайыма көңүлдө тутканыбыз макул. Унутулган, четте калган диалекттер камтыган сөздөрдү, провинциалдык-колхоздук көз караш аркылуу бөлүп карап өгөйлөштүн ордуна, түгөнбөс тил булагы катары караган мамилеге, жаңы маңыздагы тил маданиятына көчкөнүбүз, жаңы Кыргыз Улутун курууга (Nation-building) бет алганыбыз дурус. Тил – улуттун өзөгү. Ар бир айылдын, кыштактын тил өзгөчөлүктөрүн сактап калууга умтулганыбыз жакшы. Баарыбыздын тамырыбыз айылдарда, тоо-талааларыбызда. Ааламдагы ар бир кыргыздын тилин сыйлап, батырып, сиңирип кабыл алганга үйрөнүшүбүз керек. Ошондуктан адабий кыргыз тили деген түшүнүктү калыптанып бүткөн доомат катары кабыл алышыбыз туура эмес.

“Акцент” менен “диалект” деген түшүнүктөрдүн айырмасына акылы жетпеген, айылынан алыс чыкпаган “таза кыргыздар” менен да айрыкча узак иштөөгө туура келет. Кырдаал оор. Кыргыз тилине келгенде, кыргыз биримдигине келгенде көрүнгөндүн колун карап сатылбай, өкмөттөн айлык же четтен грант “аңдып” отурбай өз киндигибизди өзүбүз кескенге өтсөк.

Ааламда эл аралык тил катары таанылган англис тилин TOEFL (Test of English as a Foreign Language) аркылуу жайылтуудагы тажрыйбаны пайдаланып кыргыз тилин үйрөнүүнү бир калыпка салуу мүмкүнчүлүктөрүн чактап көрүү максатка ылайык болоору анык.

Айкөл Манастын тили, Эр-Төштүк, Эр-Солтоной, Эр-Табылды, Тайлак баатыр жана башка тарыхый эр-азаматтарыбыздын, дастандарыбыздын тили, улуу инсандарыбыз Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун, Жеңи-Жоктун, Токтогулдун, Барпынын, Калыгул олуянын, Садыр акенин, Кыдыр акенин, Куйручуктун, Молдо Нияздын, Молдо Кылычтын, Тоголок Молдонун, Байдылда Сарногоевдин, Салижан Жигитовдун, Дооронбек Садырбаевдин, Рыспай Абдыкадыровдун, Иса Ахунбаевдин, Тагай бийдин, Полот хандын, Курманжан датканын, Исхак Раззаковдун тили боло келип дүйнөлүк тарыхка, саясатка, маданиятка эбегейсиз чоң салым кошкон кыргыз тилинин кишинин асыл, күлүк ой-пикирлерин чагылдыруу, ашкерелөө, маектешке, окурманга жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү чексиз. “Азаттык” радиосунун эмгек жамааты кылдаттык, чыгармачылык, чеберчилик менен өрчүтүп, англис, немис, орус тилдердеги маалымат булактарынан жемиштүү пайдаланып, колдонуп келе жаткан кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү таасирдүүлүгү буга дагы бир күбө. Замандаштарыбыз Эсенбай Нурушев, Муса Мураталиев, Тынчтыкбек Чоротегин, Жаңыл Жусупжан, Айнура Жекше кызы, Венера Жуматаева, Амирбек Аззам уулу, Төрөкул Дооров, Айданбек Акмат уулу, Шайлообек Дүйшеев, Илим Жанузаков, Кубат Касымбеков, Замира Кожобаева, Абдувахаб Мониев, Алым Токтомушев, Кубат Оторбаев, Кыяз Молдокасымов, Сабыр Абдумомунов, Жанарбек Акаев, Канымгүл Элкеева, Аида Касымалиева, Айзада Касымалиева — бүгүнкү жаңы адабий кыргыз тилинин жаңы усталары.

Атаганат, кыргыз тилине башка тилдерди каршы коюп, душмандык мамиле жасаган кыргыздар да жок эмес. “Кокуй, орус тили колдонуудан чыгып баратат” — деп айгай салып, керт башынын кызыкчылыгын көздөп, жалданып, башка мамлекеттин төбөлдөрүнө кошомат кылып кээ бир академик, эл агартуу тармагын жетектеп келген профессор, элчи, орусчадан башка тилди үйрөнүүгө дарамети жетпеген саясый “лидер”, министр, статс-секретарь сөрөйлөр кыргыз элинин тузун ичип, туз баштыгына заара ушатып жүрүшөт.

Кыргыз тилин бөлүп-жарып, кыргыз элин бөлүп-жарып, кемсинтип, шылдыңдап, чукчалардын, башка майда улуттардын тилдери сыяктуу кылып жоготууга багытталган советтик орусташтыруу саясатынын саркындыларынан арылып, эне тилибиздин келечегине жаңы өнүттө, жаңыча көз караш менен мамиле кыла турган учур келди. Коркуп, чочулап, этияттанып отура берүү – жашоо эмес. Ичимдикке сугарылып, тукум курут болуп бараткан чукчалар бүгүн орус тилинен башка тилди билишпейт. Эне тилин билсе да сүйлөшкөндөн уялышат, кемсинип жашаганга моюн сунуу сезими жүрөктөрүн биротоло уялап алган – ушинтип улуттук деградациянын барса келбес жолуна түшүп калган. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, биз да “тырп этмейге” чейин жетип барып араң кайра тарттык. Айрымдарыбыз, дагы эле ара жолдо турабыз. Эсибиз барда, биз да туура багыт албасак болбойт.

Тил тагдыры, дил тагдыры – эл тагдыры. Билесиздер, кыйынмын, “шаардыкмын” деп тыңсынган бир ууч чала сабат “орус тилдүү” советтик мырк кыргыздар (пленники собственного комплекса неполноценности и ложного превосходства, последователи и приверженцы лицемерной, лживой идеологии эпохи советского мракобесия) үчүн да кыргыз тили жат тил болуп калган. “Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман”.

TOEFL – жат тилдүүлөрдүн англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн ченем жана тастыктоочу күбөлүк катары колдонулган тест. Бул тестти тапшыруу – сынак, өзүнчө юридикалык күчкө ээ. Окуу жайларына тапшырууга, жумушка орношууга уруксат белгиси катары, башка айрым укуктарга ээ болуу менен коштолот. Бир жакшы жери — TOEFL бардык кишилер үчүн бирдей, калыс, адилеттүү стандарттык эреже болуп эсептелинет. Ошону менен бирге ар кимдин коомдо өзү тандаган кесипке, кызмат ордуна умтулуу дымагына жараша тил билүү деңгээлин так аныктоочу курал катары эл аралык мейкиндикте ийгиликтүү өмүр сүрүп келе жатат. Жаңылбасам TOEFLдин кыскача маани-маңызы ушундай.

Биздин, Кыргыз либерал демократиялык партиясынын ишмердүүлүгү алкагында, эне тилибизди өнүктүрүү боюнча белгилеген иш чаралар өзгөчө интеллектуалдык маңызда болмокчу. Албетте, сунуштарыбыз кыргыз тилинин учурдагы абалына жараша болушу шарт экендиги талашсыз. Ошондуктан биз кыргыз тилин үйрөнүүдө кыргыздар менен жат тилдүүлөргө бирдей мамиле жасаганыбыз максаттуу, адилеттүү жана натыйжалуу болот деп ойлойбуз.

Кыргыз тилин биз Кыргыз Республикасынын бардык атуулдары үчүн ынтымактуулукту чыңдоонун, экономикабызды өнүктүрүүнүн пайдубалы жана куралы катары баалайбыз. Кыргызча эркин сүйлөгөн кишинин кызматтык карьерасы да, соодасы да, дегеле күнүмдүк турмушу да жеңил болоорун эч ким четке какпайт болуш керек.