Таластагы “Манас ордо” комплексине жаңы директор дайындалды
Камил Мамадалиев Талас облусундагы Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексине башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.
Жаңы жетекчини жамаатка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова тааныштырды.
Жаңы башкы директор тууралуу:
- Камил Мамадалиев 1981-жылы 15-сентябрында Талас облусунун Талас районуна караштуу Хан-Бүргө айылында туулган.
Аткарган негизги кызмат орундары:
- Талас шаардык маданият бөлүмүндө усулчу (2001–2002);
- Талас шаардык билим борборунда “Манас таануу” боюнча жетекчи (2002–2003);
- “Жерүй” алтын кенинде кызматкер (2006–2009);
- Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде китепканачы, улук илимий кызматкер (2011–2023);
- Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде жайгашкан “Манас эпосу” музейинин директору (2023-2024)
Сыйлыктары:
- “Маданияттын мыкты кызматкери”;
- Талас облусунун “ардактуу атуулу”.
