Футбол боюнча Азия Кубогу. Жиддада Сауд Аравия – Кыргызстан беттеши өтүүдө
6 январь

Футбол боюнча Азия Кубогу. Жиддада Сауд Аравия – Кыргызстан беттеши өтүүдө

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Сауд Аравиянын Жидда шаарына болгон расмий сапарынын алкагында учурда орун алып жаткан U-23 Азия Кубогунун Сауд Аравия – Кыргызстан беттешине күбө болууда.

Оюн Жидда шаарынын Абдулла Аль-Файсал атындагы стадионунда орун алууда.

Белгилесек, буга чейин 2025-жылдын сентябрында башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында Кыргызстандын олимпиадалык курамасы U-23 бул жаш курактагы Азия Кубогуна тарыхтагы алгачкы жолдомону камсыздаган.

Эске салсак, биздин команда «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана Сауд Арабия менен бирге жайгашкан.