Грепплинг боюнча жаштар курамасы Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту
11 октябрь

Грепплинг боюнча жаштар курамасы Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандын грепплинг боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 14 медаль жеңди. Анын алтоо алтын, бирөө күмүш жана жетөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. 

Чемпионат 7-октябрда башталып, 12-октябрда жыйынтыкталат. Оюндар өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында Ги менен НоГи түрлөрү боюнча өтүүдө.

Жаштар арасында (U20):

  • Нурсултан Куштарбек уулу (Ги 66 кг, алтын медаль);
  • Нурайым Русланбекова (Ги 58 кг, коло медаль);
  • Нурсултан Куштарбек уулу (НоГи 66 кг, коло медаль).

Балдар арасында (U-17):

  • Абдусомад Тынчтыкбеков (Ги 54 кг, алтын медаль);
  • Рамазан Тянгубер (Ги 63 кг, алтын медаль);
  • Султан Русланбеков (Ги 69 кг, күмүш медаль);
  • Рамазан Тянгубер (НоГи 63 кг, коло медаль);
  • Ерасыл Махмедов (Ги 50 кг, коло медаль);
  • Ерасыл Махмедов (НоГи 50 кг, коло медаль).

Кыздар арасында (U-15):

  • Саида Сабырова (Ги 40 кг, алтын медаль);
  • Саида Сабырова (НоГи 40 кг, алтын медаль);
  • Айканыш Искенова (Ги 57 кг, алтын медаль);
  • Альбина Жаныбекова (Ги 80 кг, коло медаль);
  • Альбина Жаныбекова (НоГи 80 кг, коло медаль).