Футбол: Кыргызстан Мальдив курама командасын 5:0 эсебинде жеңди
Министрлер кабинети
29 сентябрь

Футбол: Кыргызстан Мальдив курама командасын 5:0 эсебинде жеңди

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын эл аралык даталары алкагында Мальдив Республикасынын курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Беттешке министрлер кабинетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Адылбек Касымалиев катышып, улуттук курама командага колдоо көрсөттү.

Бул оюн улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп жаңы дайындалган Урмат Абдукаимов үчүн алгачкы беттеш болду. Жолдоштук беттеш 5:0 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курама командасы 4-октябрда Ливандын курама командасына каршы дагы бир беттеш өткөрөт. Бул жолдоштук оюндар 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык баскычына даярдыктын маанилүү бөлүгү болуп саналат.