Гүлкан Жороева: «Аялга мүмкүнчүлүк берсең, бүтүндөй бир үй-бүлөнүн жашоосу өзгөрөт»
Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайымы Гүлкан Жороева көп жылдан бери бала тарбиясы жана коомдук иштер менен алектенип келет. Ал бала бакчада тарбиялаган балдардын жетишкендиктерин эмгегинин үзүрү деп эсептейт. Учурда аялдарга кесип үйрөтүп, өз алдынча киреше табуусуна шарт түзүүгө аракет кылууда.
– Гүлкан айым, бала бакчада көп жыл иштеген адам катары айтыңызчы, бала тарбиялоодо эмнеге көңүл буруу керек?
– Баланын мүнөзү, дүйнөгө болгон көз карашы кичинекей кезинде калыптанат. Бала бакчада ал билим алып эле тим болбостон, башка балдар менен мамиле түзүүнү, өз оюн айтууну, тартипти жана жоопкерчиликти үйрөнөт.
Ошондуктан балага жумшалган каражатты келечекке салынган инвестиция деп эсептейм. Айрыкча балдардын дүйнө таанымы калыптанган алты жашка чейинки мезгил абдан маанилүү. Ата-энелер мына ошону эске алышы керек.
– Сиз тарбиялаган балдардын арасынан жакшы жетишкендиктерге жеткендери болдубу?
– Албетте, бар. Бир кезде биз иштеген бала бакчада тарбияланган балдар бүгүн ар кандай тармактарда эмгектенип жүрүшөт. Айрымдары чет өлкөлөрдө, эл аралык уюмдарда иштейт.
Алар менен сыймыктанабыз, тарбиялап өстүргөн балдарыбыз менен мактанабыз. Анткени балага берген тарбияңдын үзүрүн жылдар өткөндөн кийин көрөсүң.
– Бала бакчадан кийин коомдук иштерге аралашып, айылдык кеңештин депутаты болгон экенсиз. Эл менен иштөөңүз кандай башталган?
– Мен төрт жолу айылдык кеңешке депутат болуп шайландым. Эл менен иштеп, үймө-үй кыдырып, көйгөйлөрүн угуп жүрдүм.
Айылда жол, таза суу, электр энергиясы, трансформатор сыяктуу маселелер көп көтөрүлчү. Колумдан келишинче аларды тиешелүү жетекчилерге жеткирип, чечүүгө аракет кылдым.
Азыр «жарандык активист» деген түшүнүк кеңири айтылып жүрөт. Ойлосом, биз ошол кезде эле жарандык активисттердей иштеп, элге колдоо көрсөтүүгө аракет кылыптырбыз.
– Азыр аялдар менен да көп иштейт экенсиз. Аларга колдоо көрсөтүүнү максат кылдыңызбы?
– Аялга бир жолу жардам берип коюу менен маселе чечилбейт. Мен үчүн эң жакшы жардам – аялды өз алдынча жашоого үйрөтүү.
Айрымдары турмуштун оор сыноолоруна кабылып, балдарын жалгыз тарбиялап жатышат. Колубуздан келишинче аларды жумушка орноштурууга аракет кылабыз.
Аял өз алдынча акча таап, үй-бүлөсүн бага баштаганда өзүнө болгон ишеними да өзгөрөт. Ошон үчүн аларды киреше алып келе турган кесипке үйрөтүүгө аракет кылып жатам.
– Аялдарды кол өнөрчүлүккө үйрөтүп жатканыңыз да киреше табууга шарт түзүү максатын көздөйбү?
– Ооба. Азыр кол өнөрчүлүккө суроо-талап бар. Ошондуктан аялдар өнөр үйрөнүп эле тим болбостон, аны кирешеге айлантса дейбиз.
Тренерлерди чакырып, себет токуу, ар кандай буюмдарды жасоо сыяктуу иштерге үйрөтүп жатабыз. Айрымдары жасаган буюмдарын сатып, киреше таба баштады.
Менин түшүнүгүмдө, аялга кесип үйрөтсөң, бир адамга эмес, бүтүндөй бир үй-бүлөгө жардам берген болосуң.
– Өмүрүңүзгө көз чаптырганда, өзүңүз үчүн эң чоң жетишкендик эмне?
– Менин эң чоң байлыгым – балдарым жана элге кылган эмгегим. Балдарым өз жолун тапты.
Ал эми бала бакчада тарбиялаган балдарымдын жетишкендиктери, жардам берген аялдардын кайра бутуна туруп кеткени мен үчүн чоң сыймык.
Адамга жардам бериш үчүн сөзсүз бай болушуң шарт эмес. Колуңдан эмне келсе, ошону кылышың керек. Менин максатым – балдарга шарт түзүү, аялдарга мүмкүнчүлүк берүү жана элге керектүү ишти жасоо.
– Баса, өзүңүздөрдүн каражатыңыздарга эки бала бакча куруп, мамлекетке өткөрүп берипсиздер. Бул чечим кандай кабыл алынган?
– Балдарым чоңоюп, өз алдынча жашап калганда жолдошум экөөбүз: «Эми дагы эмне кыла алабыз?» – деп ойлондук.
Ошентип, айылдагы балдарга шарт түзөлү деген максатта өз каражатыбызга эки бала бакча курдук. Кийин аларды мамлекетке өткөрүп бердик.
Азыр ал бакчаларда балдар тарбияланып, тарбиячылар эмгектенип жатышат. Биз үчүн бул жөн гана имарат куруу эмес, айылга керектүү ишти жасап, балдарга жакшы шарт түзүү болду.
