Бишкекте «Казак киносунун күндөрүнүн» расмий ачылды
Маданият министрлиги
29 сентябрь

Бишкекте «Казак киносунун күндөрүнүн» расмий ачылды

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында 28-сентябрда «Казак киносунун күндөрүнүн» расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу КР Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков жана Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчи-элчиси Асхат Сыздыков сөз сүйлөштү.

Үч күнгө созулган «Казак киносунун күндөрүнүн» алкагында кыргыз көрүүчүлөрүнө казак кинематографиясынын ар түрдүү жанрдагы тасмалары тартууланат. Программага фантастика элементтери камтылган «Qaitadan» драмасы, «Алтын адам» толук метраждуу анимациялык тасмасы жана үй-бүлөлүк «Жабайы» тасмасы кирген.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз көрүүчүлөрүн заманбап казак киносу менен тааныштыруу, эки өлкөнүн кинематографисттеринин чыгармачылык байланыштарын кеңейтүү жана кыргыз-казак маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү.

«Казак киносунун күндөрү» Бишкек шаарында 30-сентябрга чейин уланат.