Диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайтты
Сүрөт ачык булактардан алынды
28 сентябрь

Диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайтты

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн туңгуч дикторлорунун бири, легендага айланган Кыргыз Республикасынын Эл артисти Тамара Жаманбаева 83 жаш курагында дүйнө салды.

Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган.

1959-жылы медициналык окуу жайды, 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин журналистика багыты боюнча аяктаган.

Ал 16 жашында Кыргыз телевидениесине дикторлук кызматка кабыл алынган. Кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиокомитетинин вице-президенти, “Замана”, “Ибарат” студияларынын башкы редактору, Ош облустук телерадиокомитетинин төрайымы сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап, телерадионун өсүп-өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон.

Кыргыз телесининде тажрыйбалуу адис катары көптөгөн дикторлорду, радиотележурналисттерди даярдап, 1995-жылы “Замана” таңкы телеберүүлөрүн уюштурган.

Тамара Жаманбаева эл алдына ак кызматы менен таанылып, дикторлукта өзүнүн мектебин түзө алды. Анын эмгеги жогору бааланып СССРдин жана Кыргызстандын телерадиосунун мыкты кызматкери, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, КР "Даңк" медалы менен сыйланып, КР Эл артисти наамына татыган. Маркумдун жакындарына Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жамааты көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.