Кыргызстан 2027-жылы IV КМШ өлкөлөрүнүн оюндарын кабыл алат
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
29 сентябрь

Кыргызстан 2027-жылы IV КМШ өлкөлөрүнүн оюндарын кабыл алат

27-сентябрда Алмата шаарында (Казакстан) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешинин жыйыны өттү.

Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын жана КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин делегациясын Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын башчысы Нурсултан Курманалы уулу жетектеп, баяндама жасады.

Отурумдун жыйынтыгында 2027-жылы IV КМШ өлкөлөрүнүн оюндарын Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле Кеңеш Бишкек шаарына 2027-жылы “Шериктештиктин спорттук борбору” ардактуу статусун берүү демилгесин бир добуштан колдоду.

Мындан тышкары, аталган жылы Дене тарбия жана спорт боюнча кеңешке төрагалык кылуу укугу Кыргызстанга өтөт.