Ош шаарында заманбап падл спорт борбору курулат
Күн мурун, 15-сентябрда Ош шаарында заманбап падл спорт борборунун курулушуна мезгил кутусу салынды.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов катышты.
Долбоордун жалпы аянты 3 300 чарчы метрди түзүп, инвестициянын жалпы көлөмү 1,5 млн АКШ долларын түзөт. Борбор толугу менен жабык форматта курулуп, инвестициялоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Биринчи этапка 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылып, бул этапты 2 айда бүткөрүү пландалууда. Экинчи этаптын мөөнөтү 3 айды түзөт.
Спорт борборунда жалпы 10 падл корту болот. Анын 8и 4 адамдан ойноого, экөөсү эки адамдан ойноого ылайыкталат. Мындан тышкары, борбордун ичинде тренерлер үчүн бөлмөлөр, кабыл алуу бөлүмү, намазкана, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, душ жана санитардык түйүндөр, ошондой эле кофе-бар жайгашат.
Падл — тенниске окшош, бирок атайын кичирээк кортто ойнолуучу ракеткалуу спорттун түрү. Оюн көбүнчө жуп болуп, атайын ракетка жана топ менен ойнолот. Бул спорттун түрү учурда дүйнөдө тез өнүгүп, көңүл ачуу менен бирге активдүү спорт катары кеңири жайылууда.
Белгилей кетсек, аталган комплекс Ош шаарында Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан. Апрель айында мэр Жанарбек Акаев аталган көчө спорттук шаарча болоорун айткан.
