Ош шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Ош мэриясы
8 октябрь

Ош шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Ош шаарында 9-11-октябрь күндөрү Кыргызстандын волейбол боюнча чемпионатынын III туру өтөт. 

Ош мэриясынан кабарлашкандай, ага жаңыдан түзүлгөн Ош шаарынын кыз-келиндер волейбол клубу да катышат. Бүгүнкү күндө клуб шаар намысын республикалык деңгээлдеги мелдештерде татыктуу коргоп келет.

Команданын курамында жалпы 14 оюнчу бар.

Бүгүн, 8-октябрда командага жаңы спорттук формалар тапшырылды. Жаңы спорттук форма спортчуларга дем-күч берип, алдыдагы мелдештерде дагы мыкты оюн көрсөтүүгө шарт түзөт.