Кыргызстандык боксчулар Жакартадагы Азия чемпионатынан сегиз медаль жеңди
Ушул жылдын 2–16-июль күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында бокс боюнча U-19 жана U-23 курактык категориялары арасында Азия чемпионаты болуп өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, Азиянын күчтүү мушкерлерү күч сынашкан мелдеште Кыргызстандын U-19 жана U-23 курама командалары ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпысынан сегиз медаль жеңип алышты.
Алты коло жана эки күмүш медаль.
U-19 жаштар курама командасынын жыйынтыгы
Кыз-келиндер арасында:
• Нурпери Макешова (57 кг) — коло медаль;
• Мээрим Чыныбекова (80 кг) — коло медаль.
Эркектер арасында:
• Нурсултан Дуйшоналиев (50 кг) — коло медаль;
• Арваз Ахмади (75 кг) — коло медаль;
• Усман Капаров (80 кг) — коло медаль;
• Айтбек Бердимуратов (90 кг) — коло медаль.
U-23 курама командасынын жыйынтыгы
• Алмаз Орозбеков (75 кг) — күмүш медаль;
• Мырзакир Кошалиев (+90 кг) — күмүш медаль.
