Садыр Жапаров Таластагы жаңы стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Мамлекет башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана курулуштун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу спорт комплекси 5 000 ашуун орунга ылайыкталганы айтылды.
Объекттин ишке кириши менен аймактагы спорт инфраструктурасынын сапаты кескин жогорулап, футбол, жеңил атлетика жана башка спорт түрлөрү боюнча машыгуулар жана мелдештерди, ошондой эле республикалык жана эл аралык деңгээлдеги ири маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап жана коопсуз база түзүлөт.
Мамлекет башчысы аймактарда спортту өнүктүрүүгө шарт түзүү улуттун ден соолугун чыңдоого жана өсүп келе жаткан муунду ар тараптан туура тарбиялоого багытталган мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин айтты.
Объект менен таанышуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров стадиондун облус тургундары үчүн социалдык мааниси жогору экенин баса белгиледи.
Ошондой эле ал аткарылып жаткан бардык иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу жана спорт комплексин белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү тапшырмасын койду.
