Словакияда 4 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет
Учурда Словакияда Кыргызстандын 4 миңге жакын жараны эмгектенет.Бул тууралуу КР Агартуу министрлигинин башчысы Догдуркүл Кендирбаеванын Братислава шаарында Словакиянын билим берүү, илимий изилдөөлөр, өнүгүү жана жаштар министри Томаш Друкер менен жолугушуусунун жыйынтыгында айтылды.
Тараптар эмгек рыногунун талаптарын эске алуу менен квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, Словакияда өнөр жай тармагы, анын ичинде автомобиль өнөр жайы өнүккөн жана ири эл аралык компаниялар иш алып барат. Ушуга байланыштуу техникалык жана кесиптик билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу келечектүү багыт катары белгиленди.
Ошондой эле STEM-билим берүүнү өнүктүрүүгө жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн билим берүү министрликтери билим берүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
