Ош облусу боюнча 16 социалдык объект пайдаланууга берилди
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
11 сентябрь

Ош облусу боюнча 16 социалдык объект пайдаланууга берилди

Ош облусу боюнча 16 социалдык объект пайдаланууга берилди. Иш-чарага президент онлайн форматта катышты.

Алардын ичинде: 2 мектеп, 5 бала бакча, 3 спорт зал, 1 оорукана, 1 ФАП, 1 маданият үйү, 2 административдик имарат жана 1 парк.

Алай району:

  • Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы №29 К.Тайчабаров атындагы 150 орундуу мектеби
  • Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы 60 орундуу бала бакчасы
  • Курманжан-Датка айыл аймагынын Кара-Шоро айылындагы Савай спорт комплекси
  • Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Сопу-Коргон айылындагы спорт комплекси

Араван району:

  • КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Араван району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мекемеси
  • Кара-Кулжа району:
  • Кара-Кулжа айылындагы "Буранов" паркы
  • Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылындагы ФАПы

Кара-Суу району:

  • Отуз-Адыр айыл аймагынын Савай-Арык айылындагы балдар бакчасы

Ноокат району:

  • Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылындагы 120 орундуу бала бакчасы
  • Н.Исанов айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы 40 койкалуу ооруканасы
  • Төөлөс айыл аймагынын Муркут айылындагы У.Салиев атындагы мектебинин спорт залы

Өзгөн району:

  • Төрт-Көл айыл аймагынын Красный-Маяк айылындагы 120 орундуу бала бакчасы
  • Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылындагы №95 Т.Жоробеков атындагы 150 орундуу мектеби

Чоң-Алай району:

  • Чоң-Алай райондук Социалдык фонд башкармалыгынын мекемеси
  • Дароот-Коргон айылындагы "Жаш-Келечек" мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемеси
  • Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Мык айылындагы маданият үйү.