Кыргызстан менен ФАО агрардык тармактагы кызматташтыкты талкуулашты
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолукту.
Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 11-сентябрда өткөн.
Жолугушууда Кыргызстан менен ФАОнун кызматташтыгынын учурдагы абалы, улуттук жана регионалдык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар агрардык секторду жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, санариптик жана инновациялык чечимдерди киргизүү, суу ресурстарын туруктуу башкаруу жана жайыттарды калыбына келтирүү багыттарына өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле ветеринария тармагында антимикробдук туруктуулукка каршы күрөшүү маселеси каралды. Жыйынтыгында белгиленген багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
