Караколдо заманбап “Юстиция үйү” ачылды
Каракол шаарында бүгүн, 11-сентябрда аймактагы укуктук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жаңы деңгээлге алып чыккан “Юстиция үйүнүн” расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.
Туманова көчөсү, 103 дарегинде бой көтөргөн бул жаңы имарат — катардагы эле административдик мекеме эмес. Ал аймакка чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу, ишкерлерге ыкчам консультация берүү жана каттоо процедураларын бир жерден жүргүзүү үчүн атайын долбоорлонгон стратегиялык маанилүү объект болуп саналат.
Курулушу 2024-жылдын ноябрь айында башталып, өз мөөнөтүндө ийгиликтүү аяктаган имарат үч кабаттан жана кенен жер төлөдөн турат. Жалпы аянты 950 чарчы метрди түзгөн борбор жарандар жана кызматкерлер үчүн бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.
Долбоор толугу менен мамлекеттик казынадан каржыланып, ага республикалык бюджеттен 69,2 миллион сомго жакын каражат жумшалган.
Эми Караколдун тургундары укуктук маселелери боюнча ар кайсы мекемелерди издеп убара болбойт. Жаңы “Юстиция үйүндө” бир эле учурда төмөнкү мекемелер бир чатырдын алдында иш алып барат:
- Юстиция башкармалыгы;
- Мамлекеттик нотариустар;
- Пробация департаменти;
- Мамлекеттик юридикалык жардам көрсөтүү борбору.
Бул демилге элдин убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү, тез жана ачык-айкын кылууга ташталган ири кадам болуп калды. Аймактагы ишкердик чөйрөсүн жакшыртууга багытталган бул борбор мындан ары Каракол шаарынын эң керектүү мекемелеринин бирине айланмакчы.
