Таласта коомдук коопсуздук санариптик технологиялар аркылуу камсыздалууда
КР ИИМ
11 сентябрь

Таласта коомдук коопсуздук санариптик технологиялар аркылуу камсыздалууда

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда Талас облусунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Талас шаарында жана облус аймагында орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен коомдук жайлар, эл көп чогулган аймактар жана жол кыймылы көзөмөлдөнүп жатат.

Видеокамералар аркылуу алынган маалыматтар ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүгө, транспорт агымын көзөмөлдөөгө жана мыйзам бузууларга өз убагында чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Ички иштер органдары майрамдык иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.