Тарыхый окуя: Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы биринчи банкноттору басылып чыкты
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 сентябрь

Тарыхый окуя: Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы биринчи банкноттору басылып чыкты

Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы биринчи банкноттору басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты. 

Мындай кадам Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35-жылдыгын белгилөө күнүнө карата жасалууда. 

"Көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып жаш республикабыз акырындап эгемендүү мамлекеттин бардык негизги атрибуттарына ээ болду: Конституцияга, тууга, гербге, гимнге жана улуттук валютага.

30 жылдан ашуун убакыт бою улуттук валюта өлкөбүздүн чегинен тышкары басып чыгарылып келген. Бүгүн мына ушул стратегиялык процессти өз алдынча камсыздоого маанилүү кадам таштадык. Мындай тарыхый окуя көз карандысыздыгыбыздын 35 жылдыгына туура келүү менен өзгөчө алгылыктуу маанай тартуулоодо. Бул Кыргыз Республикасынын экономикалык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөө жолунда дагы бир маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.