Эгемендүүлүккө 35 жыл. Таласта республикалык айтыш өтүп, баш байгени Тынчтык Эсенбай уулу илип кетти
Маданият министрлиги
11 сентябрь

Эгемендүүлүккө 35 жыл. Таласта республикалык айтыш өтүп, баш байгени Тынчтык Эсенбай уулу илип кетти

Таласта  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өткөрүлдү. 

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, айтышка 16 төкмө акын катышты. Акындар упайлык негизде күч сынашып, алардын жуптары чучу-кулак аркылуу аныкталды.

Калыстар тобу тарабынан акындардын төкмөлүк кудурети, сөз байлыгы, чечендиги, ырдын көркөмдүгү жана нарктуулугу, комуз чертүү чеберчилиги, үнүнүн кооздугу, ошондой эле сахна маданияты эске алынып, тиешелүү упайлар коюлду.

Айтыштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

  • Баш байге — Тынчтык Эсенбай уулу — 500 000 сом;
  • 1-орун — Шайлообек Отунчиев — 400 000 сом;
  • 2-орун — Турат Жумаев — 300 000 сом;
  • 3-орун — Арген Биймырза уулу — 200 000 сом.

Мындан тышкары, айтыштын мыкты катышуучуларына атайын сыйлыктар тапшырылды:

  • Баян Акматов — 100 000 сом;
  • Мамбеттокто Мамбеторозо уулу — 100 000 сом.

Мындан тышкары, айтышка катышкан калган 10 акындын ар бирине 80 000 сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

Республикалык айтышты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурду.

Белгилей кетсек, айтыштын негизги максаты — Кыргыз мамлекетинин азаттыгын жана бүтүндүгүн даңазалоо, коомчулукту өз өлкөсүн кадырлоого жана сыйлоого чакыруу, ошондой эле кыргыз элинин төл маданиятынын нукура үлгүсү болгон төкмөлүк өнөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү.