Ноокат районунда жаңы спорт комплекс пайдаланууга берилди
Бүгүн, 11-сентябрда президенттин онлайн катышуусунда Ош облусунун аймагында 16 социалдык объект пайдаланууга берилди. Анын ичинде Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында жаңы спорт комплекс да бар.
Облустук өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, курулуш иштери толугу менен республикалык бюджеттен каржыланган.
Жаңы спорт комплекс Муркут айылынын жаштары үчүн заманбап шарттарды түзүп, спортту өнүктүрүүгө, саламаттыкты чыңдоого жана бош убакытты максаттуу өткөрүүгө шарт түзөт.
Иш-чаранын катышуучулары мындай объектилердин ачылышы айыл жериндеги жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, саламаттык чөйрөнү калыптандырууга чоң салым кошоорун белгилешти.
Белгилей кетсек, бүгүн Ош облусунун аймагында жалпысынан 16 социалдык объект: 2 мектеп, 5 бала бакча, 3 спорт зал, 1 оорукана, 1 ФАП, 1 маданият үйү, 2 административдик имарат, 1 парк пайдаланууга берилди.
