Ош мэриясы
11 сентябрь
Ош шаарында 275 орундуу мектеп ачылды
КР Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча ачылып жаткан 105 социалдык объектинин катарында Ош шаарындагы №29 жалпы билим берүү мекемесинин жаңы окуу корпусу да пайдаланууга берилди.
Иш-чара президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өттү.
Ош мэриясынан кабарлашкандай, мектеп 3 кабаттуу болуп, 275 окуучуга ылайыкталган.
Жаңы окуу жылына карата окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу билим алуу шарттары түзүлдү. Объект Ош шаарынын Ж. Мамытов көчөсүндө жайгашкан. Долбоордун алкагында курулушу бүтпөй калган объект реконструкцияланып, анын функционалдык багыты 275 орундуу мектепке өзгөртүлдү.
Башкы планга ылайык, мектептин курамында 3 кабаттуу окуу имаратынын эки блогу каралып, анын А-блогу реконструкцияланды.
