Жогорку Кеңеште стратегиялык коммуникациялар боюнча мастер-класс өткөрүлдү
11 сентябрь

Жогорку Кеңеште стратегиялык коммуникациялар боюнча мастер-класс өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде «Мамлекеттик органдар үчүн стратегиялык байланыш: дене тилин кантип колдонуу жана чечмелөө керек» аталышындагы мастер-класс өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулуп, катышуучулардын натыйжалуу коммуникация, коомчулук менен өз ара аракеттенүү жана вербалдык эмес баарлашуу жаатындагы кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.

Мастер-классты эл аралык эксперт, юрист жана тренер Марк Эван Сигал өткөрдү. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар дене тилин кесиптик баарлашууда туура колдонуу, вербалдык эмес белгилерди таануу жана чечмелөө, ошондой эле алардын маалыматты кабыл алууга тийгизген таасири боюнча практикалык ыкмалар менен таанышты.

Мамлекеттик органдардын ишиндеги стратегиялык коммуникацияларга, ар кандай аудиториялар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө, ишенимди калыптандырууга, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү, жумушчу жолугушууларды жана коомдук иш-чараларды өткөрүүдө дене тилинин маанисине өзгөчө көңүл бурулду.

Мастер-класска Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери, депутаттардын консультанттары жана жардамчылары, ошондой эле Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү катышты.