“Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 1,4 млрд сом жумшалды
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 сентябрь

“Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 1,4 млрд сом жумшалды

Талас облусундагы “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого бюджеттен 1,4 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. 

Анын айтымына караганда, комплексти реконструкциялоо менен анын тарыхый-маданий маанисин тереңдетип, көөнө тарых менен жаңы технологияларды айкалыштырган заманбап музей-комплекске айландырууну стратегиялык багыт катары каралган. 

Маданий комплексте тарыхый багыттагы илимий изилдөөлөр, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан ири Жыйын залы, көп функционалдуу административдик корпус, алыс-жакындан келгендерге бардык шарттары менен зыяратчылар үйү, түлөөкана жана башкалар салынып, 700 чарчы метр орунду ээлеген музей, кошумча имараттар курулган соң 1090 чарчы метрге кеңейтилди.

Бул жерде байыркы тарыхыбызга санарип мүмкүнчүлүктөр аркылуу атайын экскурсиялар уюштурулуп, эми ар бир мейманга тарыхый маалыматтарды заманбап форматта жеткирилет.