Кыргызстанда стартаптарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке киргизүү пландалууда
Кыргызстанда стартаптарды жана инновациялык долбоорлорду колдоонун бирдиктүү мамлекеттик механизмин түзүү пландалууда.
Тиешелүү токтомдун долбоорун Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги иштеп чыкты.
Учурда өлкөдө инкубация жана акселерация программаларын жөнгө салган бирдиктүү ченемдик укуктук акт жок. Долбоорду иштеп чыгуучулардын пикиринде, бул инновацияларды мамлекеттик колдоону, рыноктун катышуучуларынын ишин координациялоону жана илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштырууну кыйындатат.
Долбоордо программалардын эки негизги түрүн киргизүү сунушталууда.
Инкубация программасы өнүгүүнүн алгачкы баскычындагы долбоорлорго багытталат. Анын алкагында катышуучуларга бизнес-моделди иштеп чыгууга, прототип же минималдуу жашоого жөндөмдүү продукт (MVP) түзүүгө, ошондой эле гранттарга, инвестициялык программаларга жана кийинки акселерацияга даярданууга жардам көрсөтүлөт.
Акселерация программасы кыйла жетилген долбоорлорго арналат. Анын негизги милдеттери — бизнести өнүктүрүүнү тездетүү, инвестиция тартуу, иштеп чыгууларды коммерциялаштыруу, масштабдоо жана ички жана эл аралык рынокторго чыгуу.
Инкубация программасы 2-4 жумага, ал эми акселерация программасы 4-8 жумага созулат.
Программаларды уюштурууну «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси жүргүзөт. Ал эми Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги артыкчылыктуу багыттарды аныктап, программалардын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.
