Кыргызстанда байыркы музыкалык аспап — «Аркайык» кайрадан жаралды
Маданият министрлиги
11 сентябрь

Кыргызстанда байыркы музыкалык аспап — «Аркайык» кайрадан жаралды

Жакында Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз элинин унутта калган байыркы музыкалык аспабы — «Аркайык» кайрадан жаралып, дүйнөлүк коомчулукка тартууланды.

«Аркайык» аспабынын кайра жаралышы — бир нече жылдар бою жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн, тарыхый табылгалардын жана чебер усталардын эмгегинин натыйжасы. Аспаптын тарыхын, түзүлүшүн жана үн өзгөчөлүгүн изилдөө менен катар, анын кайра жасалышына жана эл алдына чыгарылышына бир катар инсандар өзгөчө салым кошушту.

Улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана тарыхый мурастарды калыбына келтирүүгө кошкон салымы үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан аталган инсандарга Ыраазычылык каттар тапшырылды.

Солтобаев Орозбек Асекович — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылынан тарыхый «Аркайык» аспабынын материалдык калдыктарын жана археологиялык издерин таап, аспаптын унутта калбай, кайра изилденишине негизги салым кошкон.

Абдыразаков Нурадин Карыпбекович — 35 жылдык тажрыйбасы бар залкар кол өнөрчү, комуз уста. Тарыхый табылгаларга таянуу менен байыркы «Аркайык» аспабын өз колу менен кайра жасап чыгып, ага экинчи өмүр берди. Уста жасаган аспап эл аралык адистер тарабынан жогору бааланып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы «Мыкты усталар» сынагында баш байгеге татыды.

Ногон Шумаров — Россия Федерациясынын эл артисти, режиссёр, актёр, кайчы жана көмөкөй ырчы. Алтайдан атайын Кыргызстанга келип, «Аркайык» аспабынын тарыхый тамырын, анын көчмөн элдердин жалпы маданий мурасы менен байланышын жана кыргыз элинин байыркы музыкалык аспабы экенин фольклордук жана илимий далилдердин негизинде тааныштырып берди.

Бактыгүл Абди Жетиген (Абдисаламова) — «Аркайык» аспабынын үнүн, түзүлүшүн жана тарыхын узак жылдар бою илимий-музыкалык багытта изилдеп келген. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында байыркы аспапты элге жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген конокторго жогорку чеберчиликте тааныштырып, анын этно-музыкалык баалуулугун ачып берди.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги улуттук музыкалык аспаптарды изилдөөгө, кайра жаратууга жана кеңири жайылтууга багытталган демилгелерди мындан ары да колдойт.