Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата төрт социалдык объекттин ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.
Ачылган объектилердин бири — Шабдан Баатыр көчөсү, 740 дарегинде жайгашкан жаңы Жаш техниктер станциясы. Анын ачылыш аземине Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары Рахат Мусаева катышты.
Жалпы аянты 2 563 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу имарат балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган. Бул жерде окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, музей, астрономиялык обсерватория, конференц-зал, актовый, бий жана спорт залдары жайгашкан. Аймакта автомодель спорту жана картинг үчүн аянтчалар, воркаут-зонасы жана практикалык сабактарды өткөрүүгө ылайыкталган жайлар уюштурулган.
Ачылыш аземи ыр-бийлер жана чыгармачылык номерлер камтылган майрамдык программа менен коштолду. Ошондой эле балдар үчүн дасторкон жайылып, түрдүү таттуулар уюштурулду.
«Биримдик-Кут» жаңы конушунда 280 орунга ылайыкталган жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Объектти Бишкек шаарынын мэринин орун басары — Бишкек мэриясынын Отун-энергетика комплексин өнүктүрүү департаментинин директору Насипбек Керимов тааныштырды.
Эки кабаттуу имаратта оюн жана уктоочу бөлмөлөрү бар 12 топко ылайыкталган жайлар, музыкалык жана спорт залдары, медициналык кабинет, ашкана жана башка зарыл бөлмөлөр каралган. Бала бакчанын аймагында тогуз оюн аянтчасы жабдылган.
Жибек Жолу проспектиси, 281 дарегинде жайгашкан №23 орто мектептин жаңы имараты 700 окуучуга ылайыкталган. Анын ачылышына Бишкек шаарынын жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча мэрдин орун басары Атай Муратбек катышты.
Жер төлө кабаты менен үч кабаттуу имаратта окуу жана компьютердик класстар, лабораториялар, китепкана, медициналык блок, ашкана, актовый жана спорт залдары, ийримдерди жана чыгармачылык сабактарды өткөрүүчү бөлмөлөр жайгашкан. Мектептин аймагы көрктөндүрүлүп, спорттук аянтчалар жана воркаут-зонасы жабдылган.
Мындан тышкары, 5-кичи райондо №3 орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу аяктады. Жаңы корпус 500 окуучуга ылайыкталган. Объекттин ачылышына Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев катышты.
Имаратта окуу класстары, спорт жана актовый залдар, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, ошондой эле музыка жана ыр боюнча сабактарды өткөрүүчү бөлмөлөр каралган.
Мектептин аймагында кичи-футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут-зонасы жана узундугу 100 метр болгон чуркоо жолу курулган.
Объектилердин курулушуна Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тапшырыкчы болду.
Төрт социалдык объекттин ачылышы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өтүп, борбор калаанын билим берүү жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
