Бишкек: №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктоо алдында
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаары, Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат.
Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана, спорт жана жыйындар залдары каралган.
Имарат заманбап инженердик-коммуникациялык системалар менен жабдылып, окуу класстарына суу түтүктөрү тартылган. Ошондой эле жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулууда.
Бүгүнкү күндө имараттын ички жана сырткы жасалгалоо, ошондой эле аймагын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңы корпус пайдаланууга берилгенден кийин мектепте эки нөөмөт менен 2 миңге жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.
