Кыргызстандын баалуу кагаздарын эми онлайн түрдө 15 мүнөттө сатып алууга болот — Касымалиев
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 октябрь

Кыргызстандын баалуу кагаздарын эми онлайн түрдө 15 мүнөттө сатып алууга болот — Касымалиев

Кыргызстандын фондулук рыногуна жарандардын аралыктан катышуусу үчүн шарттар түзүлүп, баалуу кагаздарды сатып алуу жол-жобосу эми 15 мүнөткө чейин кыскарды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Буга чейин баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн брокердин кеңсесине жеке барып, келишим түзүп, брокердик эсеп ачуу зарыл болчу. Бул жол-жоболорго болжол менен эки күн талап кылынчу.

Реформадан кийин санариптик идентификациялоо, мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо жана маалыматтарды автоматтык түрдө текшерүү механизмдери колдонулууда.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, эми Кыргызстандын жарандары, анын ичинде чет өлкөдө жүргөндөр, ошондой эле чет элдик инвесторлор ата мекендик баалуу кагаздарды аралыктан сатып ала алышат.