Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жаңылоо иштери уланууда
видеодон алынган кадр
13 октябрь

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жаңылоо иштери уланууда

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жаңылоо иштери уланууда. Башкы максат шаардын көркүн жакшыртуу жана жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат. 

Ош мэриясынан кабарлашкандай, иштер "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы" муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылууда.

2025-жылы, жыл ичинде шаар аймагындагы 50 көп кабаттуу үйдүн фасады толугу менен актап сырдалып, заманбап көрүнүшкө келтирилген.

Ал эми Ош шаарынын мэри Акаев Жанарбек Кубанычовичтин жеке тапшырмасына ылайык 2026-жыл аралыгында 70 көп кабаттуу үйдүн фасадын актап-сырдоо пландалган. Азыркы күндө, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 50 көп кабаттуу үйдө актап-сырдоо жумуштары аткарылды. Жыл аягына чейин дагы 20 үйдү бүтүрүү пландалууда.

Натыйжада 2025-жылга 50 үй актап сырдалып бүткөн болсо, 2026-жылы 70 көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын актап-сырдоо жумуштары ишке ашат.