«Ак-Жолдо» 800 миң сомдон ашык товарды мыйзамсыз ташып өтүү аракети аныкталды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Ак-Жол» товарларды эсепке алуу пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстан Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды.
Товарларды ташып өтүүгө белгиленген көзөмөл тартибин бузуу жолу менен акы алып, жүктөрдү аз-аздан ташыган адамдар тартылганы белгилүү болду.
Аныкталган товарлардын жалпы баасы 800 миң сомдон ашат.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Транспорт каражатына мөөр басылып, бардык жагдайлар такталганга чейин айып короого киргизилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ишкерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чаралары, анын ичинде административдик айып пул салуу жана товарларды кармоо чаралары колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары, салыктык милдеттенмелер кошумча эсептелиши мүмкүн.
