Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) текшерүүсүн ийгиликтүү аяктады
13 октябрь

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) текшерүүсүн ийгиликтүү аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 2026-жылдын 30-сентябрынан 7-октябрына чейин өткөрүлгөн Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) миссиясынан олуттуу сын-пикирлер аныкталбастан ийгиликтүү өттү.

ИКАОнын координацияланган валидациялык миссиясынын (ICVM) алкагында эл аралык эксперттер учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү тутумунун натыйжалуулугуна жана аны өркүндөтүү боюнча иш-чаралардын аткарылышына баа беришти.

Миссиянын жыйынтыктары Кыргыз Республикасында учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун улуттук тутумун өнүктүрүүдөгү оң динамиканы, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун, ошондой эле ИКАОнун эл аралык стандарттарын жана сунушталган практикасын сактоо боюнча ырааттуу иштерди дагы бир жолу тастыктады.

Миссиянын ийгиликтүү аякташы жетишилген натыйжалардын туруктуулугун жана Кыргыз Республикасынын авиациялык тутумуна карата эл аралык авиация коомчулугунун ишениминин мындан ары да бекемделип жаткандыгын айгинелейт.