Минкаб командировка учурунда суткалык төлөмдөр эмнелерди камтый турганын тактады
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 октябрь

Минкаб командировка учурунда суткалык төлөмдөр эмнелерди камтый турганын тактады

Кыргызстанда кызматкерлердин иш сапарындагы суткалык төлөмдөрдүн эсебинен жабылуучу чыгымдардын тизмеси такталды.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, суткалык төлөмдөр кызматкердин туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөнүнө байланыштуу жеке чыгымдарын жабууга арналат.

Ага тиричилик муктаждыктарына, тамак-ашка, ошондой эле кызматкер иш сапарына жөнөтүлгөн калктуу конуштун же башка жердин ичиндеги жол киреге кеткен чыгымдар кирет.

Өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы №778 «Иш сапар чыгымдарынын ченемдерин белгилөө жана аларды төлөп берүү тартиби жөнүндө» токтомуна киргизилди.

Документ расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.