Бишкекте Kaspi Bank аккаунттарын 10 миң сомдон сатуу схемасы аныкталды
Бишкекте кылмыш иликтөө кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын Казакстандагы Kaspi Bank банктык аккаунттарын ачууга тартып, кийин аларды үчүнчү жактарга акыга өткөрүп берүү схемасын аныкташты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир банктык аккаунтту ачып, башка адамга өткөрүп бергендиги үчүн жарандарга 10 миң сомдон төлөп берүү убада кылынган.
Тергөө иштеринин алкагында сегиз болжолдуу дроппер, эки уюштуруучу-үгүттөөчү, таксинин айдоочусу жана банктык аккаунттарга буюртма берген деп шектелген эки адам тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөө версиясы боюнча, мындай жол менен алынган аккаунттар кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана мыйзамсыз P2P-операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Укук коргоо органдары жарандарды акчалай сыйлык убада кылынса да, банктык карталарын, мобилдик тиркемелерине кирүү мүмкүнчүлүгүн, эсептерин жана башка финансылык кызматтарга тиешелүү маалыматтарын бөтөн адамдарга бербөөгө чакырды.
Милиция банктык реквизиттерди үчүнчү жактарга өткөрүп берүү алардын мыйзамсыз иштерде колдонулушуна алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
