Алимент өндүрүү боюнча иштердин 10%га жетпегени гана иш жүзүндө төлөм менен аяктайт – Акыйкатчы
Кыргызстанда алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин иш жүзүндө аткарылышынын деңгээли өтө төмөн бойдон калууда. Аткаруу өндүрүштөрүнүн 10%га жетпегени гана реалдуу төлөмдөр менен аяктайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин аткарылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча баяндамасында айтылат.
2025-жылдын алгачкы алты айында алимент өндүрүү боюнча 23 миң 866 аткаруу өндүрүшү жүрүп жаткан. Анын ичинен 1 миң 855и гана иш жүзүндө аткарылган.
Ошол эле учурда 23 миң 532 карызкор жумушсуз деген макамга ээ болгон. Ал эми 14 миң 741 адамга Кыргызстандан чыгууга чектөө коюлган.
Издөөдө жүргөн 1 миң 198 карызкордун ичинен 868инин жүргөн жери аныкталган.
Мындан тышкары, карызкорлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароо үчүн 604 материал укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Анын ичинен 236 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Акыйкатчынын баяндамасында аткаруу өндүрүштөрүнүн 60%дан ашыгы аткарылбай калганы белгиленет.
