Тармактык комитет виза жана инвестиция маселелерине байланышкан бир катар эл аралык келишимдерди карады
13 октябрь

Тармактык комитет виза жана инвестиция маселелерине байланышкан бир катар эл аралык келишимдерди карады

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Сейшель Аралдары Республикасы жана Тоголез Республикасы менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты

Алсак, “2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы менен Сейшель Аралдары Республикасынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык талаптарды жоюуга багытталган. 

Макулдашууга ылайык, жарандар бир жолку сапарында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Мында календардык жыл ичиндеги жалпы жүрүү мөөнөтү 90 күндөн ашпоого тийиш. Бул чара жарандардын өз ара каттамдарын жеңилдетүүгө жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Ал эми “2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотууну карайт. Макулдашууга ылайык, 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берилет.

Андан тышкары, “2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору да каралды. 

Аталган мыйзам долбоору түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн укуктук негиз түзүүгө, инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзүүдөгү тобокелдиктерди азайтууга багытталган.