Ош шаарындагы Авиценна көчөсү капиталдык оңдоодон өттү
Ош шаарындагы Авиценна көчөсүндө жолду кеңейтүү жана тротуар куруу иштери аяктап, көчө пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев катышты.
Белгилей кетсек, аталган көчө буга чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жолдун И. Раззаков көчөсүнөн тартып "Орто Азия" мейманканасына чейинки бөлүгү оңдолуп, көчөнүн өткөрүмдүүлүгүн жакшыртууга жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган иштер жүргүзүлдү.
Жолду кеңейтүү жана тротуар куруу иштеринин алкагында жеке менчик жер тилкелерине байланыштуу жер ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жеке менчик ээлеринин мыйзамдуу укуктарын сактоо менен, жол жана тротуар тилкесине туура келген жерлер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте компенсация төлөп берүү сунушталды.
Ошондой эле тротуарларды талаптагыдай жайгаштыруу максатында айрым жерлерде тосмолорду 75 сантиметрден 1,5 метрге чейин жылдыруу зарылдыгы жаралган. Бул маселелер боюнча жер ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Жаңыдан оңдолгон көчө шаардагы жол кыймылын жакшыртууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу инфраструктураны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
