Инновациялык борбор Технологияларды жана инновацияларды трансферттөө борбору болуп кайра аталды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борборду Технологияларды жана инновацияларды трансферттөө борбору деп кайра атады.
Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул чечим технологияларды жана инновацияларды трансферттөөнүн улуттук системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү, илимий жана илимий-техникалык ишмердиктин натыйжаларын коммерциялаштыруу, ошондой эле илим, билим берүү, бизнес жана мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүн координациялоо максатында кабыл алынды.
Токтом менен борбор жөнүндө жобо бекитилди. Министрликке борборду юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жана кабыл алынган чечимди ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Иштер министрликтин бекитилген штаттык санынын жана колдо болгон каржылык каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.
Токтом расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөн соң күчүнө кирет.
