2 жана 8 класстар үчүн окуу-методикалык комплекстер басылып чыгарылды
14 октябрь

2 жана 8 класстар үчүн окуу-методикалык комплекстер басылып чыгарылды

13-октябрь күнү 2 жана 8 класстар үчүн жалпы 297 155 нуска окуу-методикалык комплекстер басылып чыгарылды.

Анын ичинен жалпысынан кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн 182 255 нуска, ал эми орус тилинде окутулган мектептер үчүн 114 900 нуска окуу-методикалык комплект даярдалды. Алар:

2-класстар үчүн:
Кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн — 88 505 нуска;
Орус тилинде окутулган мектептер үчүн — 56 175 нуска.

8-класстар үчүн:
Кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн — 93 750 нуска;
Орус тилинде окутулган мектептер үчүн — 58 725 нуска.

Басылып чыккан окуу-методикалык комплекстер Кыргызстандын бардык аймактарындагы билим берүү бөлүмдөрүнө (ББУ) жеткирилип, мектептерге таратылат.