Улуттук кардиология жана терапия борборунда Check-Up программасы ишке кирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Улуттук кардиология жана терапия борборунда Check-Up программасы ишке кирди

Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда жарандар үчүн Check-Up программасы иштеп жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» «Радиоклиника» программасынын эфиринде борбордун миокарддын курч инфаркты бөлүмүнүн дарыгери, кардиолог Жаркын Өткеева билдирди.

Анын айтымында, жарандар борбордун поликлиникасына кайрылып, керектүү анализдерди тапшырып, кардиологдун кеңешин ала алышат.

Дарыгер жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жана ден соолукту үзгүлтүксүз текшертип туруу маанилүү экенин белгиледи.