КР СӨП Кытай жана Гонконг менен экономикалык байланыштарды чыңдоодо
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Кытай жана Гонконгдун Эл аралык экономикалык жана соода ишмердүүлүгү ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документке Палатанын вице-президенти Мамасадык Бакиров жана ассоциациянын жетекчиси Уильям Чан кол коюшту.
Макулдашуу Кыргызстан, Кытай жана Гонконгдун ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүүгө багытталган.
Кызматташтыктын алкагында ишкердик жолугушууларды уюштуруу, өнөктөштөрдү табууга көмөктөшүү, инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат алмашуу жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралат.
Кыргызстан үчүн бул — жаңы рынокторго чыгууга, инвестиция тартууга жана эл аралык ишкердик байланыштарды бекемдөөгө дагы бир мүмкүнчүлүк.
