Дарыгерлер алкоголь менен энергетикалык суусундуктарды аралаштыруунун коркунучун эскертишти
Сүрөт ачык булактардан алынды
15 октябрь

Дарыгерлер алкоголь менен энергетикалык суусундуктарды аралаштыруунун коркунучун эскертишти

Алкоголдук ичимдиктерди энергетикалык суусундуктар менен бирге колдонуу жүрөк-кан тамыр жана нерв системалары үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун гастроэнтерология бөлүмүнүн башчысы Мамираим Жумабаев «Биринчи радионун» «Радиоклиника» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, алкоголь менен энергетикалык суусундуктар организмге карама-каршы таасир этет. Алкоголь нерв системасынын ишин басаңдатса, энергетикалык суусундуктар аны тескерисинче стимулдайт.

Мындан тышкары, эки суусундук тең организмдеги суюктуктун жана электролиттердин жоголушуна алып келиши мүмкүн.

Адистин белгилешинче, мындай суусундуктарды аралаштырып колдонгондон кийин адам кардиологдордун же психиатрлардын жардамына муктаж болушу ыктымал.

Мамираим Жумабаев энергетикалык суусундуктарды колдонууга тыюу салуу менен гана чектелүү жетишсиз экенин белгиледи. Анын пикиринде, калк арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сергек жашоо маданиятын калыптандыруу зарыл.